super.kg logo

Сокулукта кызганычтан улам мурдагы сүйлөшкөн кызын сабаганга шектүү жигит кармалды

 

Сокулук районунда кызганычтан улам мурдагы сүйлөшкөн кызын сабаган деп шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 07:20да 2003-жылы туулган Л.З. үйүнөн жумушка баруу үчүн сыртка чыкканда, сыртта аны 2000-жылы туулган Б.Н. аттуу жигит күтүп турган. Ал кыздын мурдагы сүйлөшкөн жигити болгон. Жигит кызды бычак менен коркутуп, унаага отургузуп, моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүү менен ур-токмокко алган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, буга чейин дагы ал кызды кызганычтан улам бир нече жолу коркутуп келгендиги белгилүү болгон.

Жыйынтыгында милиция шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: