super.kg logo

"Асанбай" сейил багынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат

 
Бишкек шаарынын мэриясы "Асанбай" сейил багынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, аталган парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот.
Мэрия ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен "шайтан араба" аттракционун орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.
"Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория жана башка болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин уланта бермекчи. Бүгүнкү күндө «Бишкек башкы архитектура» ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатат", - деп жазылат маалыматта.
Учурда сейил бакта эски аттракциондор алынгандан кийинки курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: