super.kg logo

"Сел жүрү коркунучу бар". Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

 
10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматтарга караганда, синоптиктер ошол күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Мындан улам айрым аймактарда сел жүрүп, дарыядагы суунун деңгээли жогорулашы болжолдонду.
"Туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындан тышкары айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Күндүн табы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: