super.kg logo

Beeline киберкоопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына шайкештигин тастыктады

 

Санариптик технологиялардын өнүгүшү биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтет, бирок ошол эле учурда кибер коркунучтарга болгон алсыздыктын деңгээли өсүүдө. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору мындай чакырыктарга ийгиликтүү туруштук берип, өз кардарларынын жеке маалыматтарын натыйжалуу коргоону камсыз кылууда.

Beeline эл аралык компания катары алдыңкы технологияларды киргизүү, заманбап өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана киберкоопсуздук жаатында глобалдык стандарттарды сактоо менен Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүнө дүйнөлүк тажрыйбаны алып келүүгө умтулат.

2023-жылы Beeline Кыргызстан ISO/IEC 27001 сертификатын алган. Бул маалымат коопсуздугун башкаруу боюнча талаптарды аныктаган эл аралык стандарт. Компаниянын тиешелүү процесстеринин кылдат аудитин сертификаттоо боюнча эң беделдүү органдардын бири болгон Британ стандарттар институту (BSI) жүргүзгөн.

Бул жол-жобо сертификатты тапшыруу менен эле чектелбейт. Жылына бир жолу маалымат коопсуздугу менен байланышкан негизги компоненттердин сөзсүз түрдө стандарттарга жана талаптарга шайкештиги текшерилет. Жакында Beeline Кыргызстан ISO/IEC 27001 эл аралык стандарты боюнча кайра сертификациядан ийгиликтүү өттү.

— Сертификатты алуу – компания маалыматтардын сакталышына жана корголушуна олуттуу мамиле жасаарын баса белгилейт, - деп белгиледи Beeline Кыргызстанкомпаниясынын башкы директору Андрей Пятахин. —Санариптик мейкиндикте киберкоркунучтар көбөйүп жатат, ошондуктан Beeline маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ыкмаларын тынымсыз өнүктүрүп жана өркүндөтүп турат. Бул иштин аркасында биздин абоненттердин, корпоративдик кардарлардын жана өнөктөштөрдүн жеке маалыматтары жана маанилүү маалыматтары ишенимдүү коргоого алынат.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: