Жыл башынан бери 372 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу катталды
Жыл башынын бери өлкө аймагында 372 миң 246 жол эрежелерин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, жол эрежесин бузуудан мамлекеттик бюджетке 170 миллион 75 миң 395 сом өндүрүлгөн.
Жол эрежесин бузуу фактылары:
- Мас абалында унаа башкарган 4 миң 836 учур;
- Автоээнбаштык жасаган 143 учур;
- Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5 миң 807 учур катталды;
- Жөө адамдардын катышуусундагы эрежесин бузуулар 21 миң 330 факты;
- Терезелерин караңгылаткан 1044 учур;
- Жол белгилерине баш ийбеген 189 миң 323 учур;
- Башка жол эрежелерин бузган 54 миң 936 факты катталды.
Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31 миң 690 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.