Министрлик гиласты өстүрүүдө кандай каражаттарды колдонуу керектигин айтты

Министрлик маалымдагандай, алдыда Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде гилас өстүрүү жана аны экспортко чыгаруу боюнча иштер турат. Ошондуктан таза органикалык гиласты өстүрүү үчүн анын ооруларына жана зыянкечтерине каршы биологиялык каражаттарды колдонуу сунушталат.
Аталган мөмөнүн зыянкечтери жана оорулары – өсүмдүк бити жана кенелери болуп саналат. Алардан аскохитоздук тактар, кластероспороз (тешикче тактары), коккомикоз же кызыл күрөң тактар пайда болорун кошумчалады.
"Бул көйгөйлөр менен күрөшүү ыкмалары биологиялык энтомофаг ыкмасы алтын көз жана амблесейус энтомофагдары менен ишке ашат. Ал эми грибок ооруларына триходермин деп аталган биологиялык препаратты колдонсо болот.
Вегетация учурунда триходермин биопрепаратын үч жолу колодонуу шарт. Алтын көз жана амблесейус энтомофагдарын зыянкечтер пайда болгон учурда колдонуу керек" деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн биологиялык каражаттарды өндүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.