super.kg logo

ЖЭБдеги аварияда жаракат алгандар бүгүн Түркиядан кайтып келишет

 
Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркаган эки Кыргыз жараны бүгүн, 9-майда өлкөгө кайтып келишет. Бул тууралуу Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулдугу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, алардын Түркиядагы дарылануусу кечээ, 8-майда аяктаган.
"Башкы консулу Рустам Кошонов башкы дарыгер Мехмет Волкан Харпутка, дарылаган дарыгерлерге, ошондой эле Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн бардык медицина кызматкерлерине кыргыз тараптын атынан ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Адана шаарында жашаган жана мекендештерин дарылоодо колдон келген жардамын көрсөткөн кыргыздын активдүү жарандары ыраазычылыктарды алышты", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 3-февралда Бишкек ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлгөн.

25-апрелде Аскердик тик учак кырсыгында жабыркаган аскер учкучу Түркиядагы ооруканадан чыгарылып, өлкөгө кайтып келген. Экинчи аскер учкучу 7-майда өлкөгө кайтканы айтылды.

Маалымат үчүн: 17-январда Достук айылына жакын жерде 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында кулап түшкөнү кабарланган. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилген. Коргоо министрлиги кызматтык териштирүү башталганын, кырсык машыгуу учурунда болгонун маалымдаган.

Ал эми 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: