super.kg logo

"Экстремизм жана терроризмге каршы". ИИМдин өкүлдөрү дин башкармалыгы менен жолугушуу өткөрдү

 

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн министрликтен билдирди.

Анда тараптар 2021-2026-жылдарга карата өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана Министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышкан.

Мындан тышкары тараптар жарандар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча иш-чараларды чогуу өткөрүүнү демилгелешип, бул багытта бир катар иш-чараларды уюштуруу зарыл экендигин белгилешкен.

"Салттуу ислам баалуулуктары, экстремизмди жана терроризмди алдын алуудагы маселелер, экстремизм менен күрөшүүдөгү багыттар, алардын бүгүнкү күндөгү шарттары тууралуу маалыматтар айтылып, азыркы коомдо экстремизмди болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери диний кызматкерлер менен бирдикте иш алып баруу керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ жакында өлкө аймагында дин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чаралар өткөрүлө баштарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: