super.kg logo

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эскерилди (сүрөттөр) 

 

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Өчпөс оттун жанындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлады.

Маалыматка караганда, ардагерлерди эскерүү иш-чарасы Өчпөс отко гүлчамбар жана гүлдөрдү коюу, бир мүнөт унчукпай туруу жана өлкөнүн гимнин ырдоо менен башталды.

Митинг-реквиемге жогорку кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, шаардык мэриянын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери, Бишкек гарнизонунун жоокерлери, жаштар, мектеп окуучулары, өсүп келе жаткан муундар, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбор калаанын коноктору катышты.

Андан соң шаар тургундары жана коноктору үчүн курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле "Аскер боткосу" көргөзмөсү уюштурулуп, майрамдык концерт тартууланды.

"Иш-чара Бишкек гарнизонунун салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды", - дешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: