"Шаар кыдырбаңыз". ӨКМдин нөшөрлүү жамгыр учурдагы эскертүүсү

Ага ылайык, алдын ала берилген аба ырайына, шашылыш билдирүүгө жараша жарандар төмөндөгү эрежелерди сактоосу зарыл:
шаарды кыдыруудан, жаратылышка чыгып эс алуудан баш тартыңыз;
мындай учурда батириңизде же жумушуңузда болуңуз;
зымдуу жана радио уктуруу каражаттарын иштетүүдөн качыңыз;
көчөдө жамгыр жаап жатса, жер астындагы өтмөктөргө жана тереңдетилген жертөлөгө түшпөңүз;
мүмкүн болгон суу каптоо деңгээлинен жогору жайгашкан имараттарда болууга аракет кылыңыз;
эгерде сиз турган имаратты суу каптап жатса, аны таштап, жакынкы дөңсөөгө чыгууга аракет кылыңыз;
ал эми имараттан чыгууга мүмкүн болбосо, анда жогорку кабаттарга чыгып, электр жарыгын жана газды өчүрүп, терезе-эшиктерди бекем жаап, жайгашкан жериңизди ӨКМдин 112 номери аркылуу билдириңиз;
жеке унаада бара жатканда нөшөрлөп жамгыр жааса, суу каптаган аймактардан өтпөңүз;
акырындык менен жол жээгине өтүп, кыймылды токтотуп, авариялык жарыктарды күйгүзүп, нөшөрдүн токтошун күтүңүз;
суунун көлөмү көп чогула баштаган учурда унааны таштап, бийик жерге же жакынкы имаратка барууга аракет кылып, 112 кызматына билдириңиз.
Белгилей кетсек, 10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.