super.kg logo

ИИМ өкүлдөрү согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады (видео)

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын жетекчиси кечээ, 8-майда Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшенбаев менен тылдын эмгекчиси Чоюнбек Сагынбаевге барышты.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар ардагерлерди куттуктап, аскердик эрдиги жана Улуу Жеңишти багындырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле ардагерлерге гүл жана белектерди беришти.

Туркенакун Бейшенбаев 1942-жылдын аягында, жаш кезинде эле фронтко кеткен. Ал 1945-жылдын май айына чейин согушкан. Украинадагы согуш учурунда жарадар болуп, ооруканага түшкөн. Калыбына келгенден кийин Беларусь, Румыния, Молдавия, Венгрия жана Чехословакияны бошотуу боюнча салгылашууларга катышкан. Согуш аяктагандан кийин ири кампаны ташуу боюнча жумушка кетип, 1946-жылдын августунда гана үйүнө кайтып келген. Жакында 100 жашка чыгат.

Чоюнбек Сагынбаев 1931-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган. Анын балалыгы жана жаштыгы согуш жылдарына туура келген. Атасы фронтко кетип, өзү жаш кезинен бери апасы менен талаада эмгектенүүгө аргасыз болгон. Ал согуштун балдары жана ооруктун эмгекчилери деп аталгандардын бири болуп калды. Согуш бүткөндөн кийин милиционер болуп иштеген. Ош ОИИБинин башчысынын орун басары учурунда милициянын полковниги наамында пенсияга чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: