Лейлекте жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Маалыматка ылайык, Сары-Дөбө айылында жаңы мектептин ачылуу аземи өттү. 150 орунга ылайыкташкан Сары-Дөбө мектеби бир жыл ичинде курулуп бүттү. Учурда 216 окуучу билим алууда.
"Өткөн жылы өлкөдө 100 мектептин курулушу жүрдү. Анын ичинде 21 мектеп Баткен облусунда ачылган. Бул көрсөткүч өлкө эгемендүүлүк алгандан бери эң жогорку көрсөткүч болду. Ал эми акыркы үч жылда облус аймагында 45 мектеп, 12 бала бакча ачылган. 2024-жылы облуста 54 объекттин курулушу каралган болсо, анын 12си мектеп", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.