super.kg logo

Дагестандык машыктыруучу утулуп калган окуучусун тепкиледи (видео)

 

Дагестандын күрөш боюнча машыктыруучусу жашы жете элек окуучусун Оренбург облусунда өткөн мелдеште жеңилип калганы үчүн сабады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматты Дагестандын дене тарбия жана спорт министри Сажид Сажидов тастыктады. Ал жогорудагы машыктыруучу мамлекеттик мекемелерде иштебей турганын белгиледи.

"Ал Карабудахкент районунун Карабудахкент айылынын Алаудин Атаев аттуу тургуну экени такталды. Мен аны машыктыруучу деп да айта албайм. Ал мамлекеттик спорт мекемелеринде иштебейт жана машыктыруучулук иш-аракеттерди жүргүзүүгө тиешелүү билими жок.

Бул жеке машыктыруучу, ал өзүн машыктыруучу катары сынап көрүүнү чечкен жана анын окуучулары негизинен туугандарынын жана досторунун балдары болушкан. Буга чейин машыгуу жана мелдеш учурунда балдарга карата ушундай зомбулук аракеттерди жасаганын да билдим.

Бул адам мындан ары балдар менен эч кандай спорт залда иштебейт деп ишендирип кетем", - деп жазды Сажидов социалдык тармактагы баракчасына.






Дагестандык машыктыруучу окуучусун сабады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: