super.kg logo

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан туристтер аман-эсен табылды (видео)

 

Бүгүн, 9-майда 2-күн изделип жаткан туристтер аман-эсен табылды. Алар өздөрүнүн Новосибирсктеги тааныштарына байланышка чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, үн байланышын утурлай ӨКМ Кизистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтердин турган дарегин болжолдуу видеого түшүрүшкөн. Бүгүн таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан.

Ага ылайык, издөөгө чыккан куткаруучулар туристтердин аралыктарын гугл картадан аныктап, так маалыматтарын тез-тез берип турушту.

"Ал эми чет элдик туристтер куткаруучуларга жолугуп, ылдый карай жол баштады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, издөө иштерине жалпы 18 куткаруучу тартылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-майда Орусиядан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Тёплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп, издөө иштери башталган.






Дайынсыз болуп жаткан туристтер аман-эсен табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: