super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда өлкөдөгү банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, 1993-жылы 10-майда Кыргыз өлкөсү Шериктештик өлкөлөр арасынан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган.

Анда Жапаров өлкөнүн экономика тармагы, анын акча-кредиттик саясаты банк кызматкерлеринин натыйжалуу ишине байланыштуу экенин баса белгиледи.

Урматтуу банк системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө негиз салган, эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый окуя саналган улуттук валютабыз – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен түздөн-түз байланышта.

Бүгүнкү күндө банктар - финансылык ортомчу кызматын көрсөтүү менен экономиканын маанилүү секторлорунун бири.

Алар экономиканын артыкчылык берилген тармактарын каржылоо, заманбап банк кызматтарын сунуштоо аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Өлкөбүздүн банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн, анын ичинде насыя көлөмүн көбөйтүү, депозиттик базаны жана капиталды өстүрүү менен өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн улантууда.

Азыркы заманбап шартта санарип технологияларынын өнүгүүсүн, дүйнөлүк тенденцияны жана чакырыктарды эске алганда, банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүүсү зарыл.

Урматтуу банк системасынын кызматкерлери, банк системасынын алдына коюлган милдеттерди заманбап шарттарда ийгиликтүү аткаруу банк кызматкерлеринен тажрыйбага бай чыныгы кесипкөйлүктү, жогорку квалификацияны жана алдыңкы билимди талап кыларын дайыма айтып келебиз. Себеби бүтүндөй өлкөнүн экономика тармагы, анын акча-кредиттик саясаты сиздердин натыйжалуу ишиңиздерге байланыштуу.

Сиздердин ишке болгон кесипкөй мамилеңиздер, ак ниет эмгегиңиздер экономикалык өнүгүүдөгү каржылык туруктуулукту камсыз кылган жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин арттырган негизги факторлордон болуп саналат.

Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн арымдуу кадам таштай берүүңүздөргө тилектешмин.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм. Өлкө үчүн кылган ак кызматыңыздарды ар дайым ийгиликтер коштосун!” - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: