super.kg logo

Путин Орусиянын өкмөт башчылыгына Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады

 
Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага өкмөт башчылык кызматка Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Эске салсак, 7-майда Мишустин жетектеген өкмөттүн курамы мамлекет башчы Путиндин инаугурациясынан кийин ыйгарым укуктарын токтоткон.
Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин Telegram каналына жазганына караганда, өкмөттүн төрагасын парламент бүгүн бекитет.
"Башкы мыйзам боюнча, өкмөт башчынын талапкерлигин парламент жактыргандан кийин президент бекитет. Жаңы премьер кызматына киришкенден бир жума кечиктирбей аткаруу кызматынын федералдык органдарынын түзүмүн мамлекеттин башчысына сунушташы керек. Ал эми 14 күндүн ичинде орун басарларынын, федералдык министрлердин талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөтөт" деп айтылат маалыматта.
Буга күч түзүмдөрүнүн блогу менен Тышкы иштер министрлиги кирбейт. Анткени алар үчүн өзүнчө тартип бар экени кошумчаланды.
Парламенттин төмөнкү палатасы бир аптадан калтырбай сунушталган талапкерлер боюнча чечим кабыл алары жана жактырылгандарды кызматка өлкө башчысы өзү дайындары айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: