super.kg logo
  Саясат  

Президент комуз формасындагы пирс боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын айтты

 

Бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчы комуз формасындагы пирсти куруу-курбоо боюнча соцтармакта жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча пикирин билдирди.

Президент сурамжылоодо элдин 96 пайызы макул деп добуш беришкенин, аталган долбоор өзгөрүүсүз каларын айтты.

"Ооба, элдин 80 пайызы мага ишенип, 6 жылга өз тагдырын, мамлекеттин келечек тагдырын чечүү укугун берген. Эгер саясий маселе болсо мен элден сурабай эле өзүмдүн чечимимди чыгара бермекмин. Бирок бул маселе улут менен кошо жаралган улуттун аспабы – комуз жөнүндө болуп жаткандан кийин сурамжылоо кылып коёюн дедим.

Анткени мага басма сөз катчым телефон чалып: “Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар”,- дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым.

Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.

Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы, улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?.." - деп жооп берген Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплексинин долбоору боюнча элден сурамжылоо жүргүзүп жатканын жарыя кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: