super.kg logo

Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 11-майга карата аба ырайы

 

Эртең, 11-майга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11… + 16, күндүз +16… +21,

Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +15… +20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18… +23,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7… +12, күндүз +20… +25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: