super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан-Катар алакасы: Кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

 

Өлкөнүн Катардагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Нуралиев Катар мамлекетинин Ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдиргендей, жолугушуу 8-май күнү болуп, тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда мурда кол коюлган документтердин аткарылышын талкуулашкан.

Мындан тышкары эмгектенгендердин жүрүү шарттары, ошондой эле кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери жөнүндө талкуулар болгон.

"Катар тарап компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик тараптар жолугушууда жетишилген маселелерди ишке ашыруу боюнча макулдашышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: