super.kg logo
  Саясат  

"Желек комуз эмес да". Жапаров желек боюнча элден сурамжылоо жүргүзүлбөгөнүнүн себебин айтты

 

Бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчы "желекти өзгөртүп атканда да элден сурамжылоо кылып койсо болмок" деген пикирлерге жооп берди.

Мамлекет башчысы желек тез эле алмашып кете турган символ экендигин айтып, мезгил талабына ылайык дагы өзгөрө берерин кошумчалады.

"Желек эми комуз эмес да. Желек тез-тез алмашып турган символ. Биздин кыргыз деген атыбыз беш миң жылдан бери жашап келет. Комузубуз дагы ошол мезгилден бери келатат. Желегибиз болсо далай жолу өзгөргөн. Дагы да мезгил талабына жараша өзгөрө берет.

Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдү алсак, Америка өз желегин 26 жолу өзгөрткөн. Испания, Венесуэла 8 жолу. Францияда желек саясий режимге карап алмашып турганы маалым.

Ар бир чечимиме тарых өз баасын берет. Азыркы мезгилдеги чечимдериме келечекте кыргыз эли, келечек муундарыбыз “эң жакшы” деген баа бербесе дагы, “жакшы” деген баа берет деп терең ишенем", - деп жооп берген Жапаров.

Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген. Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: