Кеминде сел жүрүп, Тар-Суу-Тегирменти унаа жолуна коркунуч жаратты
Бүгүн, 10-майда кечки саат 19:10до Кемин районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол бойлой шар аккан суу Тар-Суу-Тегирменти унаа жолуна коркунуч жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, селдин суусу жол четин алып, көпүрөнү да агызып кетүү коркунучунда. Учурда жерине жолчулар менен атайын техникалар тартылууда.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан бул күндөрү жол жүрүүдөн карманып турууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.