super.kg logo

"Орусияда киши өлтүүрүгө шектелип издөөдө жүргөн". Ошто дүкөндөн акча уурдаган жарандар кармалды

 

Ошто уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-майда милицияга Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылып, 8-майга караган түнү дүкөнүнө белгисиз жарандар терезесин сындырып кирип, кассадагы 85 миң сом акчасын жана 13 миң сомго барабар болгон товарларын уурдап кеткендигин билдирген. Жалпы келтирилген чыгым 98 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кара-Суу РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр Ош облусунун тургундары 1982-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар экени аныкталган. Шектүүлөр мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда тургандыгы такталган.

Андан тышкары шектүүнүн бирөөсү Д.А. Орусияда "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: