super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Чолпон-Атада көл жээгине 15 чакырым тротуар куруларын айтты

 

Чолпон-Ата шаарында көл жээгине жөө адамдар менен велосипедчендер үчүн 15 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчы бир катар инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Анын ичинде Чолпон-Ата шаарындагы 1986-жылы ишке берилип, 40 жылга жакын убакыттан бери оңдолбогон суу алуучу жайдын ачылыш аземине катышкан.

"Акылбек Жапаров шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландарга токтолду. Тактап айтканда, шаар менен Кара-Ой, Бостери айылдарында канализация жана насостук станцияларды куруу, Чолпон-Ата шаарында жаңы заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалууда.

"Чолпон кыз" сейил багы реконструкцияланып, заманбап талаптарга жооп берген ачык асман алдындагы петроглиф музейинин инфраструктурасы түзүлөт. Алыкул Осмонов жана “Жеңиш” атындагы парктарды куруу да пландалууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: