Дагы бир кыргыз балбаны Париж Олимпиадасына жолдомо утту
Кыргыз балбаны Айаал Лазарев Стамбулда өткөн лицензиялык турнирдин финалына чыкты.
125 килограмм салмакта турнирге катышкан Айаал Лазарев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда ямайкалык балбан менен кез келип, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
1/4 финалда Айаал Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимов менен кез келип, атаандашын 11:2 эсебинде жеңип алды.
Ал эми жарым финалда венгриялык балбанды утуп, турнирдин финалына чыкты.
Муну менен Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо утту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.