super.kg logo

Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы Москвадагы фестивалда баш байгени алды

 

Режиссёр Руслан Акун тарткан "Бейиш эненин таманында" аттуу кыргыз тасмасы III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалдын Гран-присине ээ болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда «Дебют», «Мыкты режиссёр», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты кыска метраждуу фильм», «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты сценарий», «Биздин замандын каармандары» номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн жана катышуу үчүн Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдө жаратылган 33 тасма тандалып алынган.

"Салтанаттын аягында баш байгеге ээ болгон «Бейиш эненин таманында» тасмасы тартууланып, москвалык көрүүчүлөр тарабынан кол чабуулар жана жогорку баа менен кабыл алышты.

Сыйлык «Бейиш эненин таманында» тасмасынын автору Руслан Акунга жөнөтүлөт", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: