Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат
Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Москвада өтүүчү Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарланды.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, жыйынга Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстан, Орусия, Беларусь менен катар Кыргызстан биримдикке Байкоочу өлкө макамында катышат. Айрым маалыматтар боюнча, Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибине Кыргызстандын жана Армениянын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселе коюлган.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирерин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

