super.kg logo

Бишкектин борборунан дагы 6 маршруттук линия алынды (тизме)

 
10-майдан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүн бошотуунун 2-этабы башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү – 7-апрель көчөсү (Курманжан датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан чыгарыла турган каттамдар төмөнкүлөр: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Жалпы пландык чыгуусу 159 даана кичи автобус.
Эске салсак, 1-этап 10-апрелде башталган. Ага ылайык, № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдардын кыймыл чиймеси аталган алкакка кирбей турган болуп өзгөргөн. Унаалардын жалпы саны 135 даана болчу.
Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: