super.kg logo

Санкт-Петербургда дарыяга кулаган автобус: Айдоочу 5 эле саат уктаганы айтылды

 

Санкт-Петербургда дарыяга кулап кеткен автобустун айдоочусу Рахматшох Курбонов 20 сааттык нөөмөттөн кийин жумушка чыгууга аргасыз болгон. Бул тууралуу 5-tv.ru сайтына анын жубайы Мухиба Курбонова билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун автобустун айдоочусу жумушка таңкы саат 05:00дө чыгып, түнкү саат 02:00 чамасында кайтып келген. Аны кайра эле жумушундагылар саат 07:30да телефон чалып ойготушуп, жумушка чыгып берүүнү суранышкан.

"Ал түнкү саат 2лер чамасында жумушунан чарчап келди. Эртең менен кайра графикке коюлганын, жумушка чыгышы керектигин айтты", - деген ал.

Кырсык 10-май күнү түштөн кийин Мойка дарыясынын жээгинде болгон. Алгач автобус эки унааны сүзүп, андан соң көпүрөдөн сууга кулап түшкөн. Автобустун ичинде 20дай жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун саны жетиге жетти.

Кырсыкка автобустун айдоочусу рулду башкара албай калганы себеп болгон. Ал кармалды жана учурда ооруканада. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: