"Кудайбергендин" айланасында туура эмес токтотулган унааларга 33 миң сом айып салынды



Бишкектин Патрис Лумумба көчөсүндөгү "Кудайберген" базарынын алдына унааларды баш аламан токтоткондорду аныктоо боюнча рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Бул көчөдө Патрис Лумумба көчөсүнүн боюнда көп сандаган унаалар белгиленбеген жерге, тактап айтканда, жашыл аянтка токтотулган.
"Ал жерде атайын унааларды тейлөө бекеттери иштейт, анын натыйжасында айдоочулар унааларын коомдук транспорттун аялдамасына, тротуарларга да калтырышкан.
Рейддин жүрүшүндө унаалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тартылган эвакуаторлор көчөдөгү туура эмес токтогон унааларды тазалашты", - деп билдиришти мэриядан.
Эреже бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179- беренесинин 2-бөлүгү менен 6 протокол түзүлүп, салынган айыптардын суммасы 33 миң сомду түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.