super.kg logo

Эрдоган АКШга пландалган сапарын жокко чыгарып, себебин түшүндүрдү

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШга сапарын жана Жо Байден менен пландалган жолугушуусун тараптардын графигине байланыштуу токтотту. Бул тууралуу түрк лидери Грециянын Kathimerini гезитине берген маегинде билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги мурда билдиргендей, Эрдогандын АКШга сапары 9-майга белгиленген, бирок ал графиктердин дал келбегендигинен улам эки тарапка тең ыңгайлуу кийинки күнгө жылдырылган. Эрдогандын айтымында, учурда ылайыктуу дата талкууланууда.

"Биздин АКШга болгон иш сапарыбыз эки тараптын тең графиктеринин дал келбегендигинен улам кийинкиге жылдырылды. Өзүңүздөр билесиздер, Америка Кошмо Штаттарында боло турган шайлоонун алдында Байдендин графиги ого бетер тыгыз болуп жатат. Ал эми чет өлкөлөргө мындай сапарлар эки тарапка тең ыңгайлуу убакта ишке ашат", - деген Эрдоган.

Буга чейин түркиялык T24 гезити пландалган визиттин үзгүлтүккө учурашына Түркиянын Ирактын түндүгүндө боло турган аскерий операциясы боюнча пикир келишпестиктер жана Вашингтондун Анкарага экономикалык жеңилдиктерди аткарбаганы себеп болушу мүмкүн экенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: