Ошто чуркоо боюнча "Amanat City Run" эл аралык жарым марафону өттү









Ош шаарында чуркоо боюнча “Amanat City Run” эл аралык жарым марафону болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, марафондо Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Орусиядан келген 1500дөй адам күч сынашты. Жөө күлүктөр 3, 10,5, 21 чакырым аралыктарды багындырып чуркашты.
Ага ылайык, жеңүүчүлөр медаль, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Ошондой эле Казакстандын Алматы облусундагы Иле дарыясынын өрөөнүндөгү “Tengri Ultra» аталышындагы ультрамарафонуна ийгиликтүү катышкандыгы үчүн Ош шаарынын спортчулары Алмаз Токтосуновго жана Шерзод Жумабаевге Ош мэриясы тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
"Спорттук иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Аманат сити» курулуш компаниясы тарабынан өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

