Бишкекте жол боюндагы жарнамалар тазаланууда




Бишкекте "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын кызматкерлери тирөөч мамыларды уруксатсыз жайгаштырылган жарнамалардан тазалап жатышат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ага ылайык, тазалыкты жана тартипти сактоо алкагында төмөнкү даректер боюнча иштер жүргүзүлүүдө:
- Жибек Жолу кең көчөсү боюнча батыш автобекетинен Манас кең көчөсүнө чейин;
- Манас кең көчөсү боюнча Жибек Жолу кең көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Калаа башкармалыгы шаардын тургундарынан көрктөндүрүү эрежелерин сактоону жана кулактандырууларды таяныч мамыларга жайгаштырбоону суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.