super.kg logo

"Евровидение-2024" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео)

 

Швейцариялык ырчы, рэпер Немо (Немо Меттлер) "Евровидение-2024" ыр сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Немо сынакта "The Code" аттуу ыры менен 591 балл топтоп жеңишти камсыздаган.

Экинчи орунду хорватиялык ырчы Baby Lasagna'‎га (Марко Пуришич) буюрган. Ал "Rim Tim Tagi Dim" аталышындагы ырды аткарып, 547 упай топтогон. Бул жылы үчүнчү орунду 453 балл менен украиналык аткаруучулар Jerry Heil (Жерри Гейл) жана Alyona Alyona (Алёна Савраненко) алды. Алар сынакта "Teresa & Maria" аттуу ырды тартуулашкан.

Немо 1999-жылы Швецариянын Биль шаарында туулган. Ал кичинекей кезинен тарта скрипка, фортепиано жана барабанда ойнойт.

"Евровидение" ыр сынагы 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет жана 600 миллионго чейинки көрүүчүлөргө ээ болгон дүйнөдөгү эң популярдуу иш-чаралардын бири болуп саналат.

Эске салсак, былтыр швециялык ырчы Лорин "Евровидение-2023" ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон. Быйыл сынактын финалы 11-майда Швециянын Мальмё шаарында болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: