super.kg logo

Келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнөт

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаарын өнүктүрүү планын талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, калаадагы муниципалдык мейманкананы реконструкциялоо, асфальт-бетон жана темир-бетон заводун куруу, мурдагы ресторандын имаратында 150 орундуу бала бакча куруу, заманбап көркөм сүрөт галереясын, IT китепканасын түзүү, шаардын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоо пландары каралып, талкууланган.

Өкмөт башчы сунушталган план үчүн шаарга 300 миллион сом бөлүнөрүн белгилеп, келерки жылга 1 миллиард сом каралып жатканын билдирген. Бул үчүн мэрияга шаарды өнүктүрүүнүн 3 жылдык планын даярдоону тапшырган.

"Шаар жетекчилиги оор жүк ташуучу унаалар үчүн муниципалдык хаб ачуу, эс алуу жайларын куруу, бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн үй курууга, ирригациялык жана дренаждык системаларды реконструкциялоого кызыкдар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жапаров жумушчу сапарында 150 орундуу бала бакчанын ачылышы пландалып жаткан имараттын абалы жана Балыкчы-Барскоон унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: