super.kg logo
  Саясат  

Энергетиктерге 33 даана жаңы техника тапшырылды

 

Бүгүн, 13-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө акыркы жылдары мамлекеттик органдарда алгылыктуу рефомалар жүргүзүлүп, анын ичинде техникалык жактан жаңыртылып жатканын белгиледи.

“Камбар-Ата-1" ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган "Бала-Саруу" ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары күн, шамал станциялары салына баштады. Ошондой эле Кыргызстандын энергетикалык потенциалы тууралуу, ири эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар кызыкдар экендиктерин айтканын кошумчалап кетейин. Анын арты менен алдыда чоң иштер аткарылат”, - деп белгиледи Жапаров.

Адистердин белгилөөсүндө, бул жаңы алынган атайын унаалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Оңдоо иштери ыкчам жана сапаттуу болуп, техникалык жоготуулардын санын азайтууга да таасирин тийзигет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: