super.kg logo

Казакстандан Кыргызстанга чыккан жүк ташуучу транспортторду мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды (видео)

 

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Кабарлангандай, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) бажы алымдарынан нарктын 10 пайыз төмөндөтүлгөн бааны колдонот. Ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб сантиметр үчүн 1 еврону түзөт.

“Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде 3 миңден ашык өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды. Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейинки сумманы түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Анын алкагында, коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары улантылууда.






УКМК: Казакстандан Кыргызстанга чыккан жүк ташуучу транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: