Бишкекте мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы жол коопсуздугу жакшырат




Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов менен жолугушту.
Маалымдалгандай, жетекчилер Бишкек шаарындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун жакшыртуу маселесин талкуулашты.
Ага ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринин жанында ылдамдыкты чектөөнү 30 чакырым саатка чейин төмөндөтүүнү карап чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.
"Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана жол белгилерин жаңыртуу, караңгы убакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды жарык менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жыйында борбор калаадагы жол тилкелерин капиталдык оңдоо учурунда калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди.
