Кыргыз-корей укук коргоо органдарынын кызматташтыгы талкууланды
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанга келген Кореянын Улуттук ассамблеясынын мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Ким Киенг менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана алдыда жасала турган иштер тууралуу пикир алмашты.
Мындан тышкары коомдук тартипти, эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Кореянын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Министр ИИМ менен Корея улуттук полиция агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү акыркы жылдары жаңы практикалык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Ким Киенг эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга үмүт артарын маалымдады.
Жолугушууга делагациянын курамында Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаттары Канг Бьюнгвон, Ким Йонгпан, Мун Жинг Сенг, Ким Вунг, административдик бөлүмдүн жетекчиси Хван Жун Ен, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, Кореянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Тэ Кен Гон жана вице-консул Бан Ки Донг катышты.

