Министрлик: "Мал жандыктарынан сибирь жарасы аныкталган жок"
Өлкөдө бүгүнкү күндө мал жандыктарынан сибирь жарасы аныкталган жок. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги бүгүн, 13-майда таратты.
Белгилей кетсек, 11-майда Sputnik басылмасы Жалал-Абаддан келген аялдан 9-май күнү күйдүргү аныкталганын тиешелүү мекемеге таянып жазып чыккан. Анда илдет мал этинен жукканы божомолдонуп жатканы айтылган.
Министрликтен билдиргендей, Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган.
"Ветеринардык кызматтын жана Медициналык кызматтын лабораторияларынын болжолдуу жыйынтыгы терс чыгууда. Учурда лабораториялык изилдөөлөр улантылууда. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат. Ошондой союлган мал өз учурунда сибирь жарасына каршы эмделген.
Бүгүнкү күндө сибирь жарасы ылаңына каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жеринде жүргүзүлүп жатат. Сибирь жарасына каршы вакцина 100 пайыз камсыздалган. Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок", - деп билдиришти министрликтен.
Маалымат үчүн: Күйдүргү (сибирь жарасы деп да аталат) – денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат.

