super.kg logo
  Саясат  

Эмгек министрлиги жумушсуз жарандардын санын айтты

 

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 91 600дү түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүн, 13-майдагы жыйынында Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

"Бүгүнкү күнү иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсептөөдө турган жумушсуздардын саны 91 600 адам. Ал эми расмий жумушсуздардын катарында тургандар 64 600", - деп билдирди Полотова.

Ошондой эле министрдин орун басары социалдык келишим долбоорунун алкагында 8 миңден көп үй-бүлө ар түрдүү окуттуулардан өтүшкөнүн кошумчалады.

"8 миңден ашык үй-бүлө бизнес планды түзүү, финансылык сабаттуулук боюнча ар кандай окутуулардан өттү. Алардын арасынан бүгүнкү күндө 4257 үй-бүлө "Социалдык контракт" долбооруна өтүнмөлөрдү беришти", - деди ал.

Буга чейин Эмгек министрлиги 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө аларын айтып, анын жол-жоболору менен бөлүшкөн. Аталган долбоорду ишке ашыруу максатында быйыл 2 миллиард сом бөлүнөрү дагы кабарланган.

Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарга жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: