super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ооганстанда селдин кесепетинен каза тапкандардын саны 315ке жетти

 

Ооганстандын түндүк-чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден 300дөн ашуун адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Анда Ооган өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 12-майга карата набыт болгондордун саны 315 адамга жетип, 1600дөн ашуун адам жарадар болгондугу айтылат. Ооганстандын Ички иштер министрлиги 10-майда башталган суу ташкынынан эң көп үч провинция: Баглан, Тахар жана Бадахшан жабыр тартканын билдирген.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү табигый кырсыктын кесепетинен 1000ден ашуун үй кыйрап калганын белгилешти. Жабыркаган аймактардын көбүндө жүк ташуучу унаалардын жүрүүсү мүмкүн эмес.

Эл аралык Save the Children кайрымдуулук уюму кырсыктан өзгөчө балдар жабыркап жатканын эскертти. Алардын эсебинде Баглан провинциясынын эң катуу жабыркаган беш районунда 600 миңдей адам, анын ичинде 310 миң бала жашайт.

Бул акыркы айларда Ооганстанда болгон экинчи катуу сел. Апрель айында нөшөрлөп жааган жамгыр жана андан кийинки сел 70тен ашуун адамдын өмүрүн алып, 2000ге жакын имарат, үч мечит жана төрт мектеп жабыркаган.

Табигый кырсыктар мал-жандыктардын өлүмүнө, айыл чарба тармагына зыян келтирип, эгин талааларынын жана жол инфраструктурасынын ири аянттарынын бузулушуна алып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: