super.kg logo

Израил Газанын түндүгүнө кайрадан аскерлерин киргизди

 

Израил 12-майдын кечинде абадан жана жерден катуу бомбалоодон кийин Газанын түндүгүндөгү Жабалияга танктарын жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, шаарды түнкү аткылоодон 19 адам каза болуп, ондогон адамдар жарадар болгон. Муну менен Израилдин палестиналыктарга жасаган чабуулунан каза болгондордун жалпы саны 35 миңден ашты.

Жабалия Газадагы сегиз тарыхый качкындар лагеринин эң чоңу, анда 100 миңден ашуун адам жашайт. Көпчүлүгү 1948-жылдагы араб-израил согуш маалында азыркы Израилдин аймагындагы шаарлар менен айылдардан израилдик аскерлер тарабынан куулган палестиналыктардын урпактары.

"Акыркы жумаларда биз ХАМАСтын Жабалиядагы аскердик мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү аракеттерин аныктадык. Биз бул аракеттерди токтотуу үчүн ошол жерде аракет кылып жатабыз", - деген Израилдин армиясынын өкүлү Даниел Хагари.

Ошондой эле ал Газанын Зейтун аймагында операция жүргүзгөн израилдик күчтөр "30га жакын палестиналык согушчанды" жок кылганын айтты.

ХАМАС бул аймакта согушкерлердин бар экенин четке кагып, соккудан жабыркагандар жайкын тургундар экенин билдирди.

Буга катарлаш Израилдин аскерлери Рафахтын дагы чоң бөлүгүн ээлеп, сектордун түштүгүндө илгерилеп баратат. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-майда Вашингтон Тель-Авивдин шаарды басып алуу планын колдобой турганын, бирок Израилге эч кандай “кызыл сызыктарды” белгилебей турганын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: