super.kg logo

Ошто кызганычтан улам кыздын сабалышы: Жабырлануучу кыз видеону тараткандарга арыз жазды

 

Ошто түн ичинде кыз кишини белгисиз эркек сабап жаткан видеодогу жабырлануучу кыз ошол видеону тараткандарга чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган Ноокат районунда 2001-жылы туулган У.Р. аттуу жарандын үстүнөн анын жарандык никедеги жабыр тарткан аялы арыз жазуудан баш тарткан.

"Бирок "жеке жашообузга кийлигишип, бизди өз ара мамилебизди жалпыга жарыя кылды, аларга карата чара көрүп бергиле” деген мазмунда, видеону коомчулукка жарыя кылган адамдардын үстүнөн чара көрүп берүүнү суранып арыз жазышты", - деп билдирди шаардык милициядан.

Ошондой эле кармалган күйөөсүнүн үстүнөн Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 70-беренесинин негизинде (үй-бүлөлүк зомбулук) Ош ШИИББинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы материал топтоп, У.Р.ны 24 саатка административдик негизде камакка алганы кошумчаланды.

Бүгүн Ош шаардык соту тарабынан анын үстүнөн топтолгон материалдар каралып, чечим чыгарылат. Соттун чечими боюнча кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда бир эркек адамдын аял кишиге карата зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу тараган. Видеодо окуя Ош шаарында болгондугу айтылган.

Ош шаардык милициясы кызга зомбулук көрсөткөн деп шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: