super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчыга адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, ошондой эле мыйзамдарды жакшыртуу жана жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо механизмдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу, жарандардын юридикалык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле басмырлоого жана адам укуктарын бузууга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү маселелери талкууланды.

Жамиля Жаманбаева өткөн жылы Акыйкатчы институтуна 11 миңден ашуун адам кайрылганын маалымдады. "Ыкчам байланыш" номери аркылуу юридикалык кеңеш алуу үчүн төрт миңге жакын жаран кайрылган. Адам укуктарын коргоого тиешелүү сунуштарды жана резолюцияларды кабыл алуу менен 100дөн ашык иш-чаралар өткөрүлдү.

Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын айтып, аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларына ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жарандардын укуктарын коргоодо, укук бузуулардын алдын алууда жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда Акыйкатчынын ролу конституциялык нормаларды жана адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын сактоонун кепилдигинин маанилүү элементи экенин белгиледи.

Президент Жапаров Акыйкатчы институтунун алдына коюлган милдеттерди аткарууда ишмердүүлүгүн күчөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууда эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: