super.kg logo
  Спорт  

Казак бийлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасын өзгөрттү

 

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы кыскартылды. Мындай маалымат оюн алдындагы атайын жыйында белгилүү болду.

Программанын кыскартылышына каражатты үнөмдөө себеп болгон.

Буга чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарындагы селдин оор абалын эске алып, өкмөткө, борбордук мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга каражатты үнөмдөө үчүн ири иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартууну тапшырган.

"Акчаны үнөмдөө үчүн эл аралык ири форумду жокко чыгардым. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кеткен чыгымдарды кыскартабыз. Мындай иш-чараны жокко чыгаруу мүмкүн эмес, бирок бюджет бир топ кыскарат", - деген Токаев Түндүк Казакстандын суу ташкынынан улам эвакуацияланган тургундары менен жолугушууда.

Ошентип оюндардын датасы бир күнгө кыскарды. Иш-чара 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт.

Спорттун «Ссырым» түрү боюнча мелдештер спорттук программадан толук чыгарылды. Мас-рестлингден 12 салмактык категориянын 4ү чыгарылды. Мелдештер эркектер арасында 5, аялдар арасында 3 салмак категориясында ойнолот. Көкпар боюнча мелдеш пландагы алты күндүн ордуна үч күнгө созулат. Алыш күрөшү боюнча салмак категорияларынын саны эки эсеге кыскарды. Казак күрөшү боюнча мелдеш да 3 салмак категориясына кыскартылды.

Оюндардын спорттук программасына “Көк-бөрү” жана татар күрөшү кошулду. Кыргыз көк бөрү оюну олимпиадалык система боюнча өтүп, 3 күндүн ичинде жыйынтыкталат. Татар белбоо күрөшү эркектер арасында 4 салмак категориясында гана өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: