super.kg logo

 Бишкек мэриясынын кызматкерлерине жумасына 2 күн жумушка өз унаасы менен келүүгө тыюу салынды

 

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер автоунаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынган.

"Көрсөтүлгөн күндөрдө жеке жана кызматтык автоунааларды колдонууга чектөө киргизүү жолдогу тыгындарды азайтып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн тыгындардын убактысын кыскартат. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат.

Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат", - деп билдиришти мэриядан.

Муниципалитеттин кызматкерлеринин коомдук транспортту колдонушу жарандарга жана башка уюмдарга үлгү болуп, экологиялык жактан таза жана натыйжалуу транспорт каражаттарын колдонууга дем берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: