Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым көчөлөрү жабылат (тизме)
15-16-май күндөрү Бишкектин жана Чүйдүн айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таратты.
Ага ылайык, бул күндөрү өлкөгө Малайзиянын примьер-министри иш сапары менен келгендигине байланыштуу жолдо чектөөлөр болот.
Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
- «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
ЖКККББ айдоочулардан мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унааларын калтырбоону суранат. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.