"28 жылдан бери биринчи жолу". Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайларда эски торлор алмаштырылууда
Бишкек шаарын саркынды сууларын тазалоочу жайда механикалык тазалоо цехинин эскилиги жеткен торлорун алмаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, цех иштей баштагандан бери, тагыраагы, 1996-жылдан бери торлор биринчи жолу алмашууда. Бул алмаштыруу жабдууларды жаңыртуудагы жана тазалоочу курулмалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Мындан тышкары механикалык тазалоочу цехтин келүүчү каналын ылайдан жана кумдан тазалоо пландалууда. Бул иш-чаралар саркынды сууларды тазалоо тутумунун натыйжалуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.