super.kg logo

Кыргызстанда "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт (программасы)

 
18-май - Эл аралык музейлер күнүнө карата өлкөдөгү музейлерде “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, иш-чаралардын тизмеси менен бөлүштү.
Улуттук тарых музейиндеги 18-май саат 17:00дөн 22:00гө чейинки иш-чаралар:
  • кыргыздын улуттук кийимдеринин этно-модасынын көргөзмөсү,
  • “Өңүр” улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү,
  • жаш дизайнерлердин заманбап модалуу кийимдеринин көргөзмөсү,
  • экспозициялык залдарда көрүүчүлөр жана ышкыбоздор үчүн тарыхый каармандардын образдары, "космос дүйнөсүнүн" авиациялык моделдери, робототехника, улуттук оюндар, искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча мастер класстар (живопись, аппликациялар, макраме, скульптура) ж.б. көрсөтүлөт
  • Кытай музыкалык аспаптары, дүйнө элдеринин маданиятынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү улуттук кийимдер, кытай элинин каллиграфиялык жазуу ыкмалары жана чай аземи болот.
Мындан тышкары иш-чаранын конокторуна арабдардын куфи жазуусу жана кыргыздардын руна жазуусу боюнча чеберлердин кызыктуу программалары сунушталып, викториналар ойнотулат. Чебер кол өнөрчүлөр көрүүчүлөргө элечекти таңуу, калпак жасоо, кыздын чач өрүмүн жасоо, жүн согуу ыкмаларын, топ таш ойноо сыяктуу салттуу элдик өнөрлөрүн үйрөтүшөт. Археологиялык изилдөөлөр тууралуу тасмалар көрсөтүлөт.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги саат 12:00дөн 20:00гө чейинки иш-чаралар:
  • кино, сүрөт, музыка жаатында белгилүү искусство таануучулар тарабынан лекциялар өтүлөт;
  • сүрөт тартуу, айкел чегүү, сайма саюу, шырдак шыруу, кагаз гүлдөрдү жасоо, карапа искусствосу боюнча мастер-класстар болот;
  • "Рабаят" балдар чыгармачылык бирикмеси балдар үчүн оюн-зоок тартуулайт.
Андан тышкары анимациялык видеолор, "Кыргызстандын уламыштары жана мифтери" темасындагы комикстер боюнча мастер-классы, Чүй камералык оркестринин коштоосундагы музыка, саксофон, скрипканын коштоосундагы аткаруулар орун алат.
Ош облусундагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейиндеги саат 12:00дөн 21:00гө чейин иш-чаралар:
  • балдар үчүн “Мен музейди тартам” аттуу сынак, бий программа, китеп окуу;
  • “Мончоктон буюмдарды жасоо” мастер-классы уюштурулат;
  • чоңдор үчүн сүрөтчүлөрдүн “Портреттер аймагы” скэтч программасы;
  • "Сулайман-Тоонун 100 көрүнүшү" аттуу жазуучу, сүрөтчүлөр катышкан конференция жана "Сулайман-Тоонун 100 көрүнүшү" көргөзмөсүнүн ачылышы уюштурулат.
Ошондой эле “Заманбап тенденциялар жана келечектеги долбоорлор” аттуу платформасына Түштүк креаторлорунун жолугушуусу, «Борбор Азия музыкада» Dj-перформансы, “Музейдеги түн” квиз-оюну, усталардын жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын жарманкеси күтүлөт.
Ысык-Көл облусундагы Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда саат 15:00дөн 19:00гө чейинки иш-чаралар:
  • “Ken Temir” IX-IV кылымдагы кыргыз жоокеринин аскердик соотторунун тарыхый реконструкциялоо көргөзмөсү,
  • концерттик программа, квест, викторина, кызыктуу оюндарды (музейлер агартуу жана илимий-изилдөө борбору катары темасына арналган интерактивдүү, логикалык оюндар) даярдашкан.
Ошондой эле Курманжан датканын айкелинин ачылышы күтүлөт. Анда келген коноктор белгилүү айкелчи Тамила Маматованын даткага арналган эксклюзивдүү, уникалдуу айкелинин жасалышы тууралуу баяндамасын уга алышат. Андан тышкары “Байыркыдан калган Мурас” экспозицияcынын ачылышы, Музейдин экспозициясын толуктоодо кошкон салымы үчүн жергиликтүү тургундарга “Ардактуу мураскер” сыйлыгын тапшыруу аземи орун алат.
Эскерте кетсек, иш-чара учурунда музейлерге кирүү акысыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: