super.kg logo

Бишкекте Жибек Жолу проспектисине таштанды үйүп салгандарга 70 миң сом айып салынды

 

Бишкекте таштандыларды белгиленбеген жерге чыгарганы үчүн бир катар чарба субъекттерге айып салынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, чарба субъектинин ээлери "Аламүдүн" базарынын жанындагы Жибек Жолу проспектисинин эл басуучу бөлүгүнө таштандыны үйүп ташташкан. Муниципалдык инспекция тартип бузгандарды жеринде аныктады.

"Тиричилик таштандыларынын арасында медициналык калдыктар да болгон: Колдонулган шприцтер, бахила жана бир жолу колдонулуучу латекс мээлейлер. Таштандыны таштаган чарба субъекттердин айрымдары күнөөсүн моюнуна алган эмес. Иш административдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип ар бир уюмга 23 000 сомдон айып пул салынды. Салынган айып пулдун жалпы суммасы 69 500 сомду түздү.

Төмөндөгү чарба субъекттер айып пул алышты:

- "БатФарм" ЖЧКсы;
- "Фен" дүкөнү;
- Гүл дүкөнү;
- Бильярд клубу;
- "Тokshop arzan" дүкөнү.

Ар бир чарба субъектинин ээлерине жана ижарачыларына таштандыларды белгиленбеген жерге ташталышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Урматтуу шаардыктар, тиешелүү аймакта тартипти сактоону, таштандыны белгиленбеген жерлерге таштабоону суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: